Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Ташиев Кара-Суу базары мамлекетке өтө турганын билдирди


Кара-Суу базары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Суу базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтө турганын, ар кандай көлөмдө ээлеп алган "байлардын" жерлери кайтарылып, мыйзам чегинде тартипке салынарын билдирди. Атайын кызматтын башчысы бул тууралуу бүгүн, 27-январда Кара-Суу базарына барган учурда айтты.

"Мыйзамдын чегинде бардыгын тартипке салабыз. Ал жерлердин бардыгы мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү чоң-чоң соода борборлор түзүлөт. Эки-үч сотыхтан кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен керектүү жерлерди менчик катары бөлүп беребиз... Мунун бардыгын мамлекет жасайт, мамлекеттин колунан келет, мамлекет бутуна туруп калды азыр. Эч кандай байлар, криминалдар, акчасы көптөр коркута албайт. Эч кимди эч ким сатып ала албайт азыр. Мурдагыдай сатылып кете турган адам жок, сатыла турган аким, каттоо кызматы болбойт", - деп сүйлөдү Ташиев.

Ташиев курулуш иштери боюнча иштер жаз келери менен башталарын, биринчи соода борборлору ушул жылдын күз айларында бүтө турганын кошумчалады.

УКМК 26-январда "Туратали" (Кара-Суу) базарынын аймагында жайгашкан "Жээнбеков" базарынын директору кармалганын кабарлаган. Мекеменин маалымат кызматы анын кармалышы боюнча түшүндүрмө берип, базар башчысы соодагерлерден мыйзамсыз акча чогултуп келгени аныкталганын маалымдаган.

Базар ээси 24-январь күнү 5000 доллар акчаны эсебине котортуп алгандан кийин кармалып, УКМКнын убактылуу камоочу жайына киргизилген.

Ош облусундагы Кара-Суу базарынын айланасында тараптардын талашы көптөн бери болуп келе жатат.

Буга чейин соттун эки инстанциясы Кара-Суу базарын мамлекетке алуу боюнча Мамлекеттик мүлк агенттигинин пайдасына чечим чыгарган. Учурда алып-сатуу келишимдерин жокко чыгаруу арызы сотто каралууда. Базар, жер ээлери муну "рейдерлик басып алуу" аракети катары сыпаттап келет.

Былтыр 6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп билдирген.

Бул окуядан кийин Кыргызстандагы бир катар базар ээлери видео кайрылуу жолдоп, ижара акыларын төмөндөткөнүн билдирген.

"Азаттык" Кара-Суу базары тууралуу иликтөө тарткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG