Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:39

УКМК төрагасы уюшкан кылмыштуу топ менен күрөштө 120 млрд сомдой топтолгонун билдирди

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топ менен күрөштө 120 млрд сомдой каражат топтолгонун бүгүн, 27-январда Ош облусунун Кара-Суу районунда соодагерлер менен жолугушуу учурунда айтты. Ал ушунча каражат кылмыштуу топтун чөнтөгүнө түшүп турганын белгиледи.

"Бул эмне деген акча. Ушунча акча ошолордун чөнтөгүнө түшүп турган", - деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы бул каражат кайсы убакыт аралыгында, кандай жагдайда жана кимдерден топтолгонун ачыктаган жок.

Буга чейин УКМК төрагасы Кыргызстанда криминалга каршы күрөш аягына чыгып калганын 31-декабрда Фейсбукка жазган. Ал "мындан ары өлкөдө криминалдык топтор, "мыйзамдагы уурулар" болбойт" деп белгилеген. Ошондой эле буга чейин криминал менен күрөш жүрбөгөнүн сындап, мурдагы өлкө жетекчилери "криминал менен коюн-колтук алышып кеткен" деп айткан.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган.

Алардын ичинен 133 кызматкер Камчы Көлбаев менен, 92 адам Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта иштешкени аныкталып, алардын жетимиштен ашыгы кызматтан алынган. Атайын кызматтан маалыматына ылайык, Бажы кызматында 85 кызматкердин уюшкан кылмыштуу топко байланышы аныкталып, 50 чактысы кызматтан айдалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG