Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

Сокулукта 9 киши жер коррупциясына шектелип кармалды


Бишкектин четиндеги конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин четиндеги конуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук милициясы Сокулуктагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдө, кайра каттоодо коррупциялык фактылар аныкталганын билдирди. Кылмышка шектелип 9 киши кармалды. Облустук милициянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2022-жылы Новопавловка айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери жергиликтүү кеңештин депутаттары жана "Семетей-Интер" коомдук фондунун адамдары менен сүйлөшүп, жер комиссиясын түзүшкөн. Анын негизинде тургундарга турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча жалган тизме түзүлүп, Семетей конушунан 338 жаранга жер тилкелери берилген. Буга чейин бул жер тилкелери Новопавловка айыл округунун 2011-жылдагы токтомуна ылайык башка жарандарга бөлүнүп берилген.

"Бул жарандардын ортосунда талаш-тартышты жараткан. Жамааттык арыздын негизинде Сокулук райондук милициясы сотко чейинки териштирүү жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон", - деп белгиленет милициянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмыштын жагдайлары аныкталып, тинтүү учурунда шектүүлөр мурда кабыл алган чечимдер жана башка документтер алынган. Кылмышка шектелип Новопавловка айыл аймагынын башчысынын орун басары Т.Н, ушул аймактын жер боюнча адиси С.А., айылдык кеңештин мурдагы төрт депутаты, "Семетей-Интер" фондунун үч мүчөсү кармалды. Учурда шектүүлөрдүн бөгөт чарасы Сокулук райондук сотунда каралып жатат.

Семетей конушунун тургундары, жабыркагандар аталган иштин чоо-жайын аныктап, күнөөлүүлөрдү жазалап берүүнү өтүнүп, Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылышкан.

Чүйдө ондогон гектар жерди мыйзамсыз бөлүштүрүп сатууга шектүү 26 адамга козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнүн облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, Сокулук районунда “Кадастр” мекемесинин аймактык бөлүмүнүн, архитектура мекемесинин жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери кармалып, жалпысынан 26 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG