Башкырстанда активист Фаил Алсыновду бошотууга байланыштуу нааразылык акциялар учурунда кармалган Рифат Даутов каза болду. Бул тууралуу анын бир тууганы Залия Телеграмга жазды. Кабар тууралуу адвокат Ильнур Суюндуков (Сүйүндүков) да өзүнүн Телеграм каналында билдирүү калтырды.
Анын өлүмүнүн себептери азырынча белгисиз. Бирок Даутов ОМОН кызматкерлери кармап кеткенден кийин ажал тапканы айтылды. "Оперсводки РБ" Телеграм каналы "Даутов мас абалында кармалганын жана ууланып каза болгонун" кабарлаган. Бирок маркумдун эжеси муну четке кагып, ал алкоголь ичимдигин ичпегенин айтууда.
Эжеси Даутов Баймакта да, Уфада да акцияларга катышпаганын, ал болгону акция өткөн Уфадагы аянтка жакын жерде турганын, 25-январда шаар сыртында жүргөн учурда ОМОН кызматкерлери "белгисиз жакка алып кеткенин" да жазды. Бул окуядан кийин маркумдун жакындары сөөктү таануу үчүн чакырылганы менен, "тергөөчү жок" деген жүйө менен мейитканага (морг) кире алышкан эмес. Туугандары аликүнчө анын сөөгүн көрө элек.
Буга чейин Баймактагы акцияга катышкан башкыр активисти Дима Давлеткилдиндин жакындары ал полиция кызматкерлеринин ур-соккусунан кийин оор абалда экенин айтып чыгышкан. 22-январда кармалган активист азыр Уфадагы ооруканалардын биринде оор абалда жатат. Бийлик бул окуя боюнча комментарий бере элек.
17-январда Баймак шаарында райондук соттун чечими менен жергиликтүү экоактивист, Куштоо тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов "жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козуткан" деген негизде төрт жылга эркинен ажыратылган. Активист ага тагылган айып негизсиз экенин айткан.
Алсыновго өкүм чыгары менен Башкырстанда жапырт нааразылык акциялары тутанып, ар кандай эсептер боюнча акцияларга эки миңге чейин адам топтолгон. Демонстранттарды таркатуу үчүн күч түзүмдөрү таяк, жаш чыгарчу, кулак тундуруучу гранаталарды колдонгон. Ондогон киши акция учурунда кармалган.