Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Балыкчыда милициянын машинеси сүзүп кеткен кыздын абалы туруктуу


Окуучу кызды автоунаа коюп кеткен учур видеокамераларга түшүп калган.
Окуучу кызды автоунаа коюп кеткен учур видеокамераларга түшүп калган.

26-январда Балыкчыда милициянын машинеси сүзүп кеткен 12 жаштагы кыздын абалы туруктуу.

Анын атасы Максатбек Байгазиев "Азаттыкка" билдиргендей, өспүрүм эсине келип, сүйлөп, жакындарын таанып, тамактанып жатат.

Максатбек Байгазиев кызы ичи ооруганын айтып жатканын, ички органдарын текшерип, эгер зарылчылык жаралса операция жасалышы мүмкүн экенин кошумчалады.

26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган.

Кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милиция кызматкери рулда ал болгонун айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, агасы - Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып баратканын айтып, окуя болгон жерден качып кеткен деп нааразы болушкан.

Милиция кызды сүзүп кеткен машине Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа болгонун ырастаган. Ошондой эле Ички иштер министрлиги кырсыкка байланыштуу Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев менен анын милицияда иштеген иниси кызматынан бошотулганын кабарлаган.

Башкы прокуратура Балыкчы шаарында окуучу кызды автоунаа сүзүп кеткен факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (“Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Облустук прокуратура жогорудагы кылмыш иштерди тергөөнү УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына тапшырган.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында 4 миң 800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам көз жумган. 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG