Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Стамбулда католиктердин чиркөөсүнө кол салууда бир киши каза тапты


Турк полициясы. Иллюстрациялык сүрөт
Турк полициясы. Иллюстрациялык сүрөт

Стамбулда жекшембиде белгисиз эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салганын, бир киши каза тапканын Рейтер жана башка агенттиктер кабарлады. Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая билдиргендей, окуя эртең менен жергиликтүү саат 11.40 чамасында Сырыер-Бүйүкдере районундагы Санта-Мария чиркөөсүндө болду. Министр X социалдык тармагындагы постунда ал чабуулду айыптады жана тергөө башталганын айтты.

Бирок кандай курал менен кол салышканы, каза тапкан киши ким экени айтылган жок. Маалымат каражаттары ал чиркөөгө Стамбулда жашаган италиялыктар барарын жазышууда.

Кол салууга эмне себеп болгону азырынча беймаалым.

Түрк медиасы беткап кийген адамдар ок атканын, жараат алгандар болгонун кабарлашты. Бирок бул маалыматтар расмий бышыктала элек.

Кабарларга караганда, ок аткандар качып кетти, аларды издөө иши жүрүп жатат. Кеп теракт тууралу жүрүүдөбү же жокпу азырынча белгисиз.

Өткөн айда Түркияда христиандардын храмдарын жана синагогаларды, Ирактын элчилигин бутага алган теракттарды даярдаган деген шек менен 30дан ашуун киши кармалган. Алар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG