Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:57

Милиция Кара-Сууда Фейсбуктун колдонуучусу кармалганын билдирди


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Кара-Суу районунда Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу “аймактар аралык кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Кара-Суу районунун 43 жаштагы тургунуна Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар буга чейин да болгон.

“Азаттык” былтыр декабрь айында 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул адамдын тизмесин тактаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG