Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

№1 абактагы тополоңдун себеби айтылды


Жаза аткаруу кызматы №1 түзөтүү мекемесиндеги тополоңго байланыштуу тараткан сүрөт.
Жаза аткаруу кызматы №1 түзөтүү мекемесиндеги тополоңго байланыштуу тараткан сүрөт.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков №1 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткандардын айрымдары абакта эмне себептен тополоң уюштурушканын айтып берди.

Ал 31-январда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ушул тапта уюшкан кылмыштуу топтордун абактагы мүчөлөрүнө жана жалпы эле жабык жайлардагы криминалдык идеологияга каршы күрөш жүрүп жатканын, соттолгондордун айрымдары ага каршы чыкканын билдирди.

“№1 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан 50-60 киши баш ийбестик кылышкан. Аларды ушул ишке үгүттөгөн адамдар болгон. Биз аларды аныктадык жана тиешелүү чараларды көрдүк. Эми мындан ары биздин ишке тоскоол кылыш үчүн абактагылар ушундай кайрылууларды көп кылат. Анткени уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү ар кандай ыкмаларды колдонууга даяр”, - деди Кемел Садыков.

Жаза аткаруу кызматы №1 түзөтүү мекемесинде болжол менен 50-60 адамдан турган соттолгондордун тобу мекеменин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегенин 27-январда кабарлаган.

Алар айып изоляторуна киргизилген.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, абактагылардан 11 грамм баңгизаты, 22 уюлдук телефон, 120 даана кесүүчү-саюучу буюмдар табылып, алынган.

№1 түзөтүү мекемеси Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG