Бельгиянын борбор шаары Брюсселде бүгүн 31-январда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин бейформал жолугушуусу өтүп жатат. Анда бирикменин аскердик өнөр жай тармагын бекемдөө зарылчылыгына жана Орусиянын чабуулдарына каршы туруш үчүн соңку бир нече айдан бери аскердик-техникалык жардам сурап жаткан Украинага колдоо көрсөтүүгө байланыштуу маселелер каралат.
Жолугушуунун катышуучулары алдында сүйлөп жатып Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел Киев көбүрөөк курал-жаракка муктаж болуп жатканын, анын топтогон аскердик-техникалык кору азайып баратканын, үнөмдөөнүн айынан Украинанын ар кайсы аймактарында адам өмүрүн алган, инфраструктура талкаланган фактылар көп каттала баштаганын айтты.
«Биздин Украинага болгон кынтыксыз колдообуз бекем бойдон экенин жана улана берерин көрсөтүшүбүз зарыл. Азыр кайсы жердебиз, март айында каерде болобуз, жыл соңунда кайсы жерде болобуз, так аныктап алышыбыз абзел», - деди ал.
Украинадагы снаряд тартыштыгын чечиш үчүн Евробиримдик жазга карай бир миллион даана берүүнү убада кылган, азыркы күнгө карата анын 300 миңи жетти. (RK)