Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Төрөбаев Сузактын Кара-Алма суусуна бассейн куруларын билдирди


Сузак району, Көк-Арт суусу.
Сузак району, Көк-Арт суусу.

Жалал-Абад облусуна караштуу Көк-Арт өрөөнүндөгү Кара-Алма суусуна декадалык тескөөчү бассейн (БДР) курулат. Бул үчүн тендер жарыяланганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы талаа иштерине даярдык боюнча маалымат берип жатып билдирди. Министр Көк-Арт дарыясына ГЭС курула турганын, ал жерде учурда жергиликтүү ишкер иш алып барып жатканын кошумчалады.

"ГЭСтин каскады курулгандан кийин ошол жактан Көк-Арт, Таран-Базар, Сафаровка, Михайловка жакка сууну багытытайбыз. Эки тараптуу иш алып баарбыз", - деди министр.

Мунун алдында депутат Тазабек Икрамов суу маселесине токтолуп, кошуна өлкөлөргө канча суу берилерин алдын ала анализдөө зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле дыйкандарды суу менен камсыз кылуу иштери кандай жүрүп жатканына кызыккан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-январда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында 2023-жылы Кыргызстанда сугат суунун тартыштыгынан улам 42 миң 567 гектар жер айдалбай калганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, кыргыз өкмөтү ирригация тармагына быйыл 2,2 млрд сом бөлүүнү карап жатат, былтыр 1 млрд сом бөлүнгөн.

Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу соңку жылдары дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда сугат суу тартыштыгы байкалууда.

Былтыр сугат мезгили башталгандан тартып жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG