Бишкектин Октябрь райондук соту “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовду жана “Элитхаус” курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевди тергөө абагында кармоо мөөнөтүн 4-апрелге чейин узартты. Сот тиешелүү токтомду 31-январда чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунтай Салимовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу 20 адам менен чогуу кармаганын былтыр 10-ноябрда билдирген.
Атайын кызмат ага “узак убакыт бою криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Камчы Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөн” деген айып койгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топко катышуу” беренеси менен айып тагылган.
67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы (2010-2015-жылдары) депутаты болгон. Бишкектеги “Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.
Былтыр 9-октябрда кармалган Тимур Файзиевге УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу” беренесинин негизинде айып такканы белгилүү.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин “анын уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар жана анын арам акчасын адалдаган” деген айып менен ондогон киши кармалган. (BTo)