Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

ЖЭБдеги авария: Бишкектеги 9 кичи районго жылуулук берүү токтотулду


Бишкек жылуулук электр борбору. 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору. 2-февраль, 2024-жыл.

“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2-февралда болгон авариядан улам борбордо канча районго жылуулук берүү токтотулганын айтты.

Анын сөзүнө караганда, Бишкектин №3, 5, 6, 7, 11, 12 кичи райондоруна, жана 8-кичи райондун бир бөлүгүнө, “Улан”, “Көк жар” кичи райондоруна жылуулук берүү токтотулду.

Андан тышкары борбор калаанын абоненттерине ысык суу берүүдө чектөө киргизилди. “Биз жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпаш үчүн ысык суу берүүгө чектөө киргиздик” деди Шаршенбек Сарыкеев.

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында авария болгонун кабарлады. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Саламаттык сактоо министрлиги ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөнүн, алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатканын маалымдады. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG