Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Башкы прокуратура Бишкек жылуулук борборундагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду


Бишкек ЖЭБи жарылуу болгон бөлүгү, 2-февраль, 2024.
Бишкек ЖЭБи жарылуу болгон бөлүгү, 2-февраль, 2024.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Маалыматта айтылгандай, башкы көзөмөл органы жарылуу ЖЭБдин кызмат адамдары "өздөрүнө жүктөлгөн милдетин так аткарбаганы жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн болду" деп эсептейт.

Бул кырсыктын айынан Бишкек шаарындагы турак жайларды, мекемелерди, ишканаларды жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени жазылган.

Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”), 317-беренеси (“Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырды.

Ошондой эле ЖЭБдеги кырсыкта террордук акт жана диверсия белгилери аныкталбаганы жазылган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

2-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG