Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:31

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-февралда, саат 14:30 чамасында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту силкинүүнүн күчү очогунда 5 баллды түзгөнүн маалымдады.

Жер титирөөнүн күчү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 3,5 балл, Ыштык айылында 3 баллды түздү. Баштапкы маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок.

23-январга караган түнү Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында беш балл, Бишкекте төрт балл, Ташкентте үч балл болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG