Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Ошто медицина кызматкерлерин урду деп шек саналган жаран кармалды


Ошто медицина кызматкерлерин сабаган деген шек менен кармалган жаран. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.
Ошто медицина кызматкерлерин сабаган деген шек менен кармалган жаран. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ош шаарында медицина кызматкерлерин сабоого шек саналган жаран кармалды. Ал 33 жаштагы жергиликтүү тургун экенин, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин калаа милициясынын басма сөз кызматы 4-февралда "Азаттыкка" билдирди. Ага каршы дарыгерлер арыз жазган.

Токмоктолгону айтылган дарыгерлерге соттук-медициналык экпертиза дайындалган. Тергөө уланууда.

Ош облустук Психиатрия жана наркология борборуна келген адам ал жердеги иштегендерди урганы тартылган видео жекшембиде социалдык тармактарда тараган. Айрым булактарда ал өзүн милиция кызматкери деп тааныштырганы айтылган. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ал азыр органда иштебей турганын, 2023-жылдын мартына чейин Ички аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөнүн маалымдады.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, шектүү окуядан бир күн мурун агасын аталган жайга дарылоо үчүн жаткырган. Эртеси күнү "бир тууганыма жакшы карабай жатасыңар" деп, дарыгерлер менен жаңжалдашкан. "Азаттык" азырынча шектүүнүн жакындарына же адвокатына байланышып, окуянын чоо-жайын өздөрүнөн тактай алган жок.

Кыргызстанда дарыгерлер бейтаптардын туугандарынын ур-токмогуна кабылган окуялар буга чейин болгон. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG