Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Токаев Казакстанда "жатып ичерлик" маанай калыптанганын айтты


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн социалдык жардамы чынында эле муктаж адамдарга берилиши керек деп эсептейт. Бүгүн 7-февралда өкмөт менен жолугушууда ал жарандарга мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү системасын «кайра түзүүгө» чакырды.

Өлкө башчысы коомдо «жатып ичерлик» психологиясы орноп калганын, жардам муктаждарга гана берилиши зарылдыгын, анын «натыйжалуулугун жана даректүүлүгүн» жогорулатыш керек экенин, ошондо чынында зарыл болгондорго көбүрөөк ресурс болорун айтты.

Токаевдин белгилешинче, азыркы тапта мамлекеттен ар кандай социалдык жардам алып жашагандар 4,5 миллион адам – бул Казакстандын ар бир бешинчи жараны. Бирок мындай жардам алгандардын көбү, президенттин айтымында, «иштегенге толук жөндөмдүүлөр».

«Социалдык жардам беребиз деп биз коомдо жан бактылык психологиясын калыптандырып алдык. Өнүккөн өлкөлөрдө мындай жок. Жардам өз үйү бар, кымбат баалуу машина айдап жүргөндөргө эмес, муктаждарга гана берилиши керек», — деди Токаев.

«Жатып ичерлик», «жан бактылык» деген сөздөрдү казак бийлиги соңку жылдары көбүрөөк колдоно баштаганын байкоого болот. 2021-жылы Токаев калктын көпчүлүк бөлүгү социадык программаларды жеке кызыкчылыгына пайдаланып жүргөнүн айткан.

Бүгүнкү отурумда өлкө башчысы өткөн жылы Казакстандын экономикасында 5,1 процент өсүш болгонун, өнүгүүнүн позитивдүү динамикасы сакталып турганын белгиледи.

5-февралда Казакстанда былтыр күзүндө дайындалган өкмөт толук курамы менен иштен алынган. 6-февралда жаңы премьер-министр болуп былтыркы жылдын апрель айынан бери президенттик администрациянын башчысы болуп иштеп келген Олжас Бектенов дайындалган. (RK)

XS
SM
MD
LG