Газа секторундагы атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жаткан ортомчулар ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) ар бири 45 күндүк үч этаптан турган, жалпысынан 4,5 айды камтуучу планынын долбоорун колуна алышканын бүгүн 7-февралда Reuters агенттиги билдирди.
Агенттиктин кабарчылары долбоор менен таанышып чыкканы, анын биринчи этабындагы 45 күн ичинде ХАМАС барымтада кармап турган израилдик аялдарды, 19 жашка чейинки эркектерди, улгайгандарды жана оорулуулардын баарын бошотуусу, алар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана балдарга айырбашталары, Израил Газанын калктуу пункттарынан аскерлерин чыгарып кетиши керек болору жазылганы маалымдалды.
Экинчи этап, ХАМАС сунуштаган планда жазылгандай, тараптар толук тынчтыкка жетүү тууралуу сүйлөшүүлөрүн аяктагандан кийин гана башталат жана анда барымтада калгандардын баары бошотулуп, Израил Газадан толук чыгып кетиши зарыл болот.
Ал эми үчүнчү этапта барымтада каза болгондордун сөөгүн өткөрүп берүүгө милдеттүү болот.
Пландын долбоору ортомчулук сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Египетке тапшырылып берилгени кабарланды.
Дагы бир ортомчу өлкө Катар ХАМАСтын жообун оң баалаганы белгилүү болду.
28-январда Франциянын борбору Париж шаарында АКШ, Катар, Египет жана Израил өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анын жыйынтыгында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газадагы атышууну токтотуу жана барымтада турган израилдиктерди бошотуу тууралуу келишимге жетишүү ыктымалдыгы жогору экенин айткан. «Өтө маанилүү, натыйжалуу иш жасалды. Келечекке реалдуу үмүт бар. ХАМАС өз чечимин айтышы керек, — деп билдирген Блинкен журналисттерге.
1-февралда Катардын Тышкы иштер министрлиги Парижде өткөн сүйлөшүүлөрдө макулдашылган шарттарга Израил каршы эмес экенин, ХАМАС да атышууну токтотуп, барымтадагыларды айырбаштоого макулдугун билдиргенин маалымдаган.
Париждеги сүйлөшүүлөрдө биринчи этапта атышуу 40 күнгө токтой турганы, ХАМАС адегенде барымтадагы 100 кишини бошотору, андан кийин израилдик аскерлерди бошотуп, барымтада каза болгондордун сөөгүн өткөрүп берери тууралуу сөз болуп жатканы кабарланган.
Буга чейин ХАМАСтын лидерлери Израилдин чабуулдары убактылуу эмес, таптакыр токтошун талап кылып жатышкан.
Ал эми Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газадагы чабуулдарын улантууда. Өлкө жетекчилиги ХАМАСты толук жок кылмайынча ал токтобой турганын билдирген.
Бул күндөрү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен сүйлөшүүгө катышкан өлкөлөрдү кыдырууда. (RK)