9-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндуз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндуз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3°...+1°, күндүз 11…13° жылуу болот.