Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Абдулазиз Закиров Кыргызстандын муфтийи болуп шайланды

Абдулазиз Закиров
Абдулазиз Закиров

Кыргызстан дин мусулмандар башкармалыгына Абдулазиз Закиров төрага болуп бекитилди.
Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз курултайы өтүп, анда Абдулазиз Закиров Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи болуп бекитилди.

45 жаштагы Абдулазиз Закиров Базар-Коргон районунда туулган. Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган. Бишкек шаарындагы "Расул Акрам" ислам институтунда билим алган. Укук-бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистигин бүтүргөн.

Буга чейин Аламүдүн районундагы "Абу Бакр ас-Сыддык" медресесин жетектеген. Чүй облустук мусулмандар казысынын биринчи орун басары, Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы жумуштарында иштеген. Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин мүчөсү болгон. 2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Муфтияттын басма сөз кызматы Абдулазиз Закиров араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөй турганын билдирди.

Мурдагы муфтий Замир Ракиев 26-январда өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жобосуна ылайык, муфтий төрт жылга шайланат. Замир Ракиев муфтий болуп 2021-жылы июнь айында шайланган.

Замир Ракиев коррупция боюнча жоопко тартылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовго ыраазычылык кат бергени, аны муфтияттын жаңы имаратын курууга аралаштырганы сынга кабылган. (ZKo)

​
XS
SM
MD
LG