Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

Кочкордо Уланбек Эгизбаевди эскерген иш-чара өттү


 Уланбек Эгизбаевди эскерген иш-чарадан сүрөт. 10-февраль, 2024-жыл.
Уланбек Эгизбаевди эскерген иш-чарадан сүрөт. 10-февраль, 2024-жыл.

Кочкор районунун маркум Уланбек Эгизбаев төрөлгөн Көк-Жар айылында журналистти эскерген иш-чара өттү. Аны Уланбек Эгизбаев атындагы жаштар бирикмеси уюштурду.

Эгизбаев окуган Т.Усубалиев атындагы мектепте атайын чыгармачыл кече болду. Анда балдар-кыздар акындардын журналистке арналып жазган ырларын көркөм окуп, анын окуучулук күндөрүн, студенттик мезгилин чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү аткарышты.

Көк-Жарда мындан сырткары Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган футбол турнири өттү.

Иш-чарага Эгизбаевдин апасы Жыпаркүл Сариева, маркумдун жакындары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Эрулан Көкүлов, Жылдыз Таалайбек кызы, Уланбек Эгизбаевдин санаалаштары – алып баруучу Эркин Рыскулбеков, ырчы Акбар Сүйүнбаев, журналист Каниет Жыргалбеков, “Азаттыктагы” кесиптештери жана айыл тургундары катышты.

“Азаттыктын” жамааты Уланбек Эгизбаевдин мектебинин китепканасына окуучуларга жана мугалимдерге багытталган атайын китептерди тапшырды.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. Ал кезинде ар кайсы тармактардагы коррупция тууралуу иликтөөлөрдү жасап, эл оозуна алынган. (NbA\ErN)

XS
SM
MD
LG