Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:58

Токтогул суу сактагычында 8,7 млрд метр куб суу бар


Cуу сактагычтагы суу тартылып, мурдагы шаар калдыктары ачыкка чыгып калган. (архивдик сүрөт)
Cуу сактагычтагы суу тартылып, мурдагы шаар калдыктары ачыкка чыгып калган. (архивдик сүрөт)

12-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,792 млрд метр кубду түздү.
Туура бир жыл мурун, былтыр 12-февралда 8 млрд 860 млн метр куб суу болгон.

"Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын маалымдашынча, 12-февралда суу сактагычка секундуна 144 метр куб суу агып кирсе, кайра секундуна 468 метр куб суу агып чыгууда.

Токтогул суу сактагычынын чөйчөгүнө 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган.

Соңку жылдары суу сактагычка суу аз топтолууда. Суунун тиешелүү өлчөмдөн аз топтолушу Кыргызстанда электр энергиясынын таңсыктыгына алып келет.

Энергетика министрлиги быйыл кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбосун, таңсыктыкты жоюу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусия менен электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөнүн маалымдаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG