Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Орусия: Комиссариатка өрт койду деп айыпталган Курбановага 12 жыл суралды


Жүмагүл Курбанова сот залында. Петербург, 12-февраль 2024-жыл
Жүмагүл Курбанова сот залында. Петербург, 12-февраль 2024-жыл

Орусияда прокуратура аскер комиссариатына өрт койгондугу үчүн Петербург шаарынын 67 жаштагы тургуну Жүмагүл Курбанованы теракт беренеси менен 12 жылга кесүүнү сурады. Бул тууралуу Север.Реалии радиосунун кабарчысы сот залынан билдирди.

Курбанова күнөөсүн моюнуна алды жана келтирилген чыгым үчүн 90 миң рубль төлөп берди.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, былтыр 1-августта "Александр Кастров" деп таанышкан белгисиз киши Курбановага 50 миң рублга аскердик комиссариатты өрттөөнү сунуш кылган. Ал макул болгондо Молотов коктейлин кантип жасоо керектигин үйрөткөн инструкция, жардыруучу кошмого зарыл заттарды алуу үчүн акча жөнөткөн. Курбанова шаардагы Английский проспектисиндеги аскер комиссариатынын эшигине өрт койгон. Аны эртеси кармалып, кимдир бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү беренеси менен тергөө абагына камалган. Кийин анын иши теракт деген беренеге өзгөртүлгөн.

Курбанова белгисиз бирөөлөр ага июндан бери телефон чала баштаганын сотто айтып берди. Алар өздөрүн тартип коргоочулар деп тааныштырып, пенсионер-аялдын атына бирөөлөр кредит алууга аракеттенгенин билдиргенин кошумчалады.

Алардын талабы менен Курбанова 200 миң рубль кредит алган. Кийин акчаны кайтаруу үчүн ал кылмышкерлер жашырынган имаратты өрттөөгө тийиш деген көрсөтмө беришкен. Айыпталуучу имарат комиссариат экенин билбегенин, террорчу эместигин, шылуундардын кармалышын каалаганын айтты.

Былтыр 1-августта Орусиянын жер-жеринде тогуз комиссариатка өрт коюу аракети көрүлгөн. Айыпталгандар телефон чалган белгисиз көз боемочулардын курмандыгы болгонун айтып беришкен.

Аскер комиссариатына өрт коюу аракети Орусияда диверсия же теракт катары каралып келет. Теракт үчүн айыпталган киши өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG