Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Баткенде суунун тарифи 20% кымбаттады


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Монополияны жөнгө калуу кызматы жана жергиликтүү кеңештин чечими менен Баткен шаарында таза суунун акысы 20% жогорулады.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна шаарды таза суу менен камсыздоо мекемесинин жетекчиси Зилалидин Олжоев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин керектөөчүлөр 1 метр куб суу үчүн 17 сом 84 тыйын төлөп келген болсо, бул баа 1-февралдан баштап 20 сом 8 тыйынга көтөрүлдү.

"Суу тарифинин өсүшүнүн бирден-бир себеби - сууну сарамжал колдонуу зарылдыгы. Мындан тышкары биздин кызматкерлердин айлык акысы 50% көтөрүлдү. Эми көчөдөгү куурлардан сууну ташып ичкендер жан башына ай сайын 21 сом 50 тыйын төлөсө, үйүнүн короосунда таза суу түтүгү бар кожолуктар 361 сом 44 тыйындан төлөшөт", - деди Олжоев.

Баткен шаарында таза суу көйгөйү көптөн бери чечилбей, бир нече долбоорлор ишке ашканы менен, натыйжа болбой келет. 2016-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 5 млн 200 миң евро каражат бөлүп, шаар үзгүлтүксүз суу менен камсыз болот деген убадалар айтылган. 1,5 миллион доллары насыя катары берилген бул каражатка 2200 кожолукту таза суу менен камсыздоо каралган. Эки жыл мурун алардын короолоруна суу куурлары киргизилип, эсептегичтер коюлган.

Бирок ал кожолуктардын жарымында суу 3-4 ай тынымсыз чыгып, кийин токтоп калган.

Облустук бийлик 222 айылдын 106сы же калктын 64% таза суу менен камсыз болгонун билдирген. (JSA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG