Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

Армения Азербайжан менен чек арасында бир нече аскери окко учканын билдирди


Армениялык аскер. Иллюстрациялык сүрөт.
Армениялык аскер. Иллюстрациялык сүрөт.

Армениянын Коргоо министрлиги бүгүн 13-февралда эртең менен армян-азери чек ара тилкесинде Азербайжандын аскерлеринин огунан эки аскер кызматкери набыт кеткенин, дагы бир нечеси жараат алганын билдирди. Бир нече сааттан кийин каза болгондор төртөө экени кабарланды.

"Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Армениянын Неркин Ханд айылы тараптагы аскердик турумдарына атуучу куралдан ок чыгарышты", - деп айтылды мекеменин маалыматында.

Армениянын жогорку бийлиги азырынча эч кандай расмий маалымат бере элек, бирок Неркин Ханддын башчысы Хачатур Багдасарян “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айылда кырдаал курчуп турганын билдирди.

Ал эми Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматы 13-февралдагы билдирүүсүндө азери аскерлери “жазалоо операциясын” ишке ашырып, Неркин Ханддагы армяндардын чек ара бекетин “толук жок кылганын”, анткени 12-февралда армян аскерлери Азербайжандын Зангелан районунагы аскердик бекетине ок чыгарып, бир чек арачысын жараат кылганын маалымдады.

Армения Азербайжандын мындай айыптоосун «дезинформация» деп атаган.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр өткөн айдын соңунда уюштурулган.

Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан тирешке чекит коё турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бирин бири бул процесстин создугушуна айыптап келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG