Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Израил Каирде өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн чыгып кеткени кабарланды


Газа сектору.
Газа сектору.

Израилдин делегациясы 13-февралда Египеттин борбору Каирде өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн чыгып кеткенин жергиликтүү жана америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашты.

Израилдин чалгын кызматынын башчысы Дэвид Барнэа АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс менен жолукканы, сүйлөшүүлөргө Катардын бийлик өкүлдөрү да катышканы маалымдалды.

Египет ортомчулук кылып жаткан сүйлөшүүлөрдө Газадагы атышууну токтотуу, барымтадагыларды бошотуу, сектордун тынч эмес аймактарынан качып барган 1,3 миллиондой палестиналык жай тургун баш калкалап турган Рафах шаарында толук масштабдуу операциянын башталышына жол бербөө маселелери талкууланып жаткан.

Египет негизги маселелер боюнча кеңешүү, сүйлөшүү дагы уланарын билдирди.

Израилдик аскерлер 14-февралда Хан-Юнис шаарында ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган топ) курал-жарак катылган жайы табылганын, 10 чакты согушкер жок кылынганын маалымдады.

Al Jazeera телеканалы Газада жөөттөрдүн чабуулунан алты киши каза болгонун, арасында балдар да бар экенин жазды.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 28 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын кабарланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG