Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Автандил Жоробековдин иши боюнча сот 29-февралга белгиленди


Сотто Автандил Жоробековдун баш коргоо чарасы каралган учур.
Сотто Автандил Жоробековдун баш коргоо чарасы каралган учур.

Камактагы активист Афтандил Жоробековдун иши боюнча биринчи соттук отурум 29-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунда болот. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан 40 жаштагы активисттин камалганына эки айдан ашты. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Бөгөт чарасы узартылып, 13-апрелге чейин камакта калган.

Жоробековдун адвокаты активист бир гана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен кармалып, иш козголгонун, экспертиза эреже бузуу менен өткөнүн, бул мыйзамсыз экенин билдирип жатат.

Жоробеков кармалгандан кийин анын автоунаасында жана батиринде тинтүү болуп, ноутбук, чөнтөк телефон алынган. Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү алынган ноутбук, телефон боюнча техникалык экспертиза дайындап, анын жыйынтыгы "массалык башаламандыктарга чакырык жок" деп чыккан.

Свердлов райондук соту ишти кароодон баш тартып, токтом менен Ленин райондук сотуна кайра жөнөткөн.

Былтыр бийлик Кыргызстандын мамлекеттик туусундагы элементтерди өзгөртүү демилгелеп, коомчулуктагы нааразылыктардын фонунда 2023-жылдын этегинде парламент аны колдогон. Тийиштүү мыйзамга президент кол койгон. (SE)

 

XS
SM
MD
LG