Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

Төрөттөн каза тапкан аялдын өлүмү: оорукана башчысы кызматтан алынды


Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Жайыл райондук аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу саламаттык сактоо министри аталган оорукананын директорун ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу 14-февралда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мындан тышкары директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ошондой эле аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

Кеп болуп жаткан оорукананын төрөт үйүндө 12-февралда 36 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумган. Саламаттык сактоо министрлиги маалыматты ырастап, окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди. Ымыркайдын абалы жакшы экенин кабарланган.

Маалыматка караганда, маркум Токтогул районунан төрөтүнө аз калганда келип, каттоого турган. Маркумдун жакындары аял дарыгерлердин шалаакылыгынан улам өлгөнүн билдирип жатышат.

5-февралда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин кесарево операциясы учурунда каза тапкан. 14-январда Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында 27 аял, 2022-жылы тогуз айда 34 аял төрөттөн каза тапкан.

Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болору тууралуу маалымат жарыялаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG