Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

Кыргызстан бир жылда чет жакка 20 тоннадан ашык алтын сатты


Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2023-жылы чет өлкөлөргө 20 тонна 213,2 килограмм алтын сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Кыргызстандын былтыркы тышкы соода жүгүртүүсүн талдаган баяндамасында жарыяланды.

Мунун наркы 1 млрд 284 млн 332,8 миң доллар болду. Алтындын көбү Швейцарияга кеткен. Мындан сырткары Бириккен Араб Эмираттарына, Кытайга жана Түркияга сатылган.

Мурдараак Кыргызстандын Улуттук банкы 2023-жылы 17 тонна 70 килограмм алтын сатып, ал операцияларынан 1 млрд 90 млн доллар каражат тапканын маалымдаган. Бул жалпы алтын экспортунун 85-90%ын түзөт.

Кыргызстандын бийлиги 2021-жылы канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган. Ошондон бери анын алтынын дүйнөлүк биржалык баанын чегинде Улуттук банк сатып алып келет. Башкы каржы көзөмөл мекемеси өз муктаждыгына жараша алтынды андан ары эл аралык рынокко сатыкка чыгарып турат.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, өлкө чет жакка 2018-жылы 16,4 тонна, 2019-жылы 18,7 тонна, 2020-жылы 17,6 тонна, 2021-жылы 24,8 тонна алтын экспорттогон. 2022-жылы Бишкек сыртка болгону 290 кг алтын саткан. 2023-жылкы көрсөткүч мындан 69-70 эсеге көптүк кылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун статистикасына ылайык, 2023-жылдын январь-декабрь айларында Швейцария, Түркия, Гонконг жана Италия Кыргызстандан жалпы көлөмү 20 тонна 616 кг алтын сатып алышкан. Алардын импорттук суммасы 1 млрд 321 млн доллардан ашкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG