Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Байден Израилди Рафахта операция баштабоого чакырды


Газа сектору.
Газа сектору.

АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга кайрадан кайрылып, Газа секторунун Рафах шаарында палестиналык жай тургундардын коопсуздугун камсыздоочу план болмоюнча жапырт аскердик операция баштабоого чакырды.

15-февралдагы кайрылуусунда Кошмо Штаттардын президенти Рафахтагы элди коргоонун ишенимдүү жана чынында ишке ашырыла турган планы болушу зарылдыгын белгиледи.

Байден барымтадагы израилдик жарандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр үзгүлтүксүз уланып жатканын кошумчалады.

АКШ Газанын калкынын дээрлик жарамы - 1,5 миллиондой киши баш калкалап турган Рафахта операция баштабоого Израилди буга чейин да үндөгөн.

Кошмо Штаттардын союздаштары - Австралиянын, Канаданын жана Жаңы Зеландиянын лидерлери 15-февралда Израилге кайрылып, Рафах шаарында жердеги масштабдуу аскердик операциясын баштабоого чакырышкан. Эл аралык коомчулуктун бул маселеге байланыштуу кооптонуусу күчөп жаткан чакта аталган үч өлкө да Израилге мындай операциянын кесепети «катастрофалык» болушу ыктымал экенин эскертишкен.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 28 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын кабарланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG