Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Юлия Навальная Орусиянын азыркы бийлиги жоопко тартылышы керектигин айтты


Юлия Навальная. 2024-жылдын 16-февралы. Мүнхен.
Юлия Навальная. 2024-жылдын 16-февралы. Мүнхен.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальная азыркы орус бийлиги жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 16-февралда Германиянын Мүнхен шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Күйөөсү абакта каза болгону тууралуу маалыматты мамлекеттик органдар таратып жатышканын, бирок орус президенти Путинге да, анын бийлигине да ишенич жок экенин айткан Юлия Навальная эгер ошол суук кабар чын болсо орус бийлиги жоопко тартылышы керектигин белгиледи:

«Путин өзү, анын тегерегиндегилердин баары, Путиндин достору жана анын өкмөтү биздин өлкөбүзгө, менин үй-бүлөмө жана менин күйөөмө кылганы үчүн жоопко тартыларын билишсин деп айткым келет. Ошондой күн алыс эмес. Жалпы дүйнөлүк коомчулукту баарыбыз биригип, Орусиядагы азыркы зулумдукту, режимди жеңип чыгууга чакыргым келет. Бул режим да, Владимир Путин да менин өлкөмдө соңку жылдары жасап жаткан бардык оор иштери үчүн жеке жоопкерчиликке тартылышы керек».

Орусияда абактагы оппозиционер саясатчы Алексей Навальный каза болгонун бүгүн 16-февралда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, Ямал-Ненец автоном округундагы №3 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготкон.

«Бардык тийиштүү реанимациялык аракеттер жасалды. Алар оң натыйжа берген жок. Тез жардам дарыгерлери ал каза болгонун тастыкташты. Өлүмдүн себебин тактоо жүрүп жатат», - деп айтылды маалыматта.

Айрым орусиялык журналисттер саясатчынын каза болушуна кан тамырда уюган кан (тромб) себеп болушу ыктымал экенин айтып жатышат.

Навальный жазалоочу жалгыз кишилик камерага 27-жолу камалганын 14-февралда маалым болгон.

Навальныйдын адвокаты Леонид Соловьев анын үй-бүлөсүнүн чечими менен азырынча эч кандай комментарий берилбей турганын "Новая газетага" айтты. "Азыр териштирип жатабыз. Адвокат Алексей менен шаршемби күнү жолуккан. Анда баары жайында эле болчу", – деди ал.

Саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш азырынча бул кабарды тастыктаган эч кандай маалыматы жоктугун айтты. "Алексейдин адвокаты азыр Харпка жөнөп жатат. Маалымат болор замат айтабыз", – деп жазды ал Х социалдык түйүнүнө.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тийиштүү эрежелерге ылайык, жаза аткаруу мекемеси териштирүү жүргүзүп жатканын, мында кандайдыр бир өзгөчө тапшырма берип териштирүүнүн кереги жоктугун айтты. Тромб боюнча маалыматтарга ал "Мен билбейм. Аны дарыгерлер тактайт" деп жооп берди.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG