Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды


Камчыбек Ташиев. 19-февраль, 2024-жыл.
Камчыбек Ташиев. 19-февраль, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Футбол уюмунун 19-февралдагы кезексиз конгрессинде Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды.

Шайлоо ачык өтүп, анын талапкерлирин 28 делегат бир добуштан колдоду. Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзун 2026-жылдын апрель айына чейин башкарат.

Футбол уюмунун жетекчилигине Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер болду жана аны “Талант” футбол клубу көрсөткөн.

31-январда президент Садыр Жапаров атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуу сунушун бергенин билдирген.

19-февралда Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун президенти кызматтан кетип, футбол уюмунун аткаруу комитети да ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Медербек Сыдыков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өткөн Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин кызматтан кетерин жарыялаган.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) 2020-жылдан бери жетектейт, 2021-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматы да кошулган. (BTo/GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG