Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Израил барымтадагылар Рамазанга чейин бошобосо Рафахта операция баштарын билдирди


Рафах.
Рафах.

Израил эгер ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) барымтада кармап турган адамдарды Рамазан айы башталганга чейин бошотпой турган болсо армиясы Газа секторунун Рафах шаарындагы операциясын эл аралык коомчулуктун бул шаарда баш калкалап отурган палестиналык жай тургундардын коопсуздугу боюнча кооптонууларына карабастан баштай берерин билдирди.

«Дүйнө дагы, ХАМАСтын лидерлери дагы эгер Рамазанга чейин барымтадагы биздин адамдар үйүндө болбосо, аскердик аракеттерибиз бүт жерде, анын ичинде Рафахта да башталарын билишсин. ХАМАСта азыр тандоо бар. Алар колго түшүп, барымтадагыларды бошотуп, ал эми Газанын жай тургундары Рамазанды майрамдай алышат», - деди 18-февралда Иерусалимде америкалык жөөттөрдүн жыйынында сүйлөп жатып Израилдин аскердик кабинетинин министри Бенни Ганц.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн келечеги бүдөмүк болуп турган шартта Израилдин АКШ баштаган союздаштары жана Бириккен Улуттар Уюму Израилди Рафах шаарында масштабдуу операция баштабоого үндөп жатышат.

Израил Газанын Египет менен чектеш тилкесиндеги бул шаар азыр ХАМАСтын акыркы таянычы болуп турганын айтууда.

Дал ушул шаарда Израилдин Газанын башка аймактарында жүргүзгөн аскердик операциясынан качып барган 1,3 миллиондой палестиналык жай тургун баш калкалап, чатырларда тамак-аштан жана дары-дармектен кыйналып жашап жатышат.

Мусулмандардын ыйык Рамазан айы быйыл болжол менен 10-мартта башталат.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган. Сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бүгүнкү күнгө карата ал жакта 29 миңдей жай тургундун өмүрү кыйылганын кабарланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG