Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

ЖМК мыйзамы комитеттин күн тартибинен дагы алынды


"Азаттыктын" коллажы.
"Азаттыктын" коллажы.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин күн тартибинен дагы бир жолу алынды. 19-февралдагы жыйында депутат Камила Талиева маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов өзү келсин деген талап менен, күн тартибинен алууну сунуштады.

“Мен министрди качып жатат деп ойлойм. Бул мыйзам боюнча коомчулук тескери пикирде болуп жатат. Министр өзү келиши керек”, - деди.

Талиеванын сунушун көпчүлүк депутаттар колдоп берди. 22-январда дагы аталган комитет ушундай эле жүйө менен күн тартибинен алып салган. Андан кийин бир нече комитеттин дагы күн тартибинен алынган.

Мыйзам долбоору 13-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин колдоо тапкан эмес.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, бардык медиалар кайра каттоодон өтүшү керек жана аны Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттаттуу үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG