Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Тик Токто наристеге сыра ичирген видеону милиция териштирүүдө


19-февралда Tik Tok социалдык тармагында кыргызстандык аял түз эфирге чыгып, азык-түлүк алууга чамасы жетпей жатканын, катталуучулар анын жеке эсебине акча салбаса, колундагы наристесине сыра ичире турганын айткан видео тараган.

Келин баласын жаакка чапканын, түз эфирге кошулгандар андан баланы урбоону жана сыра ичирбөөнү суранып жатканын көрүүгө болот.

Бул боюнча милиция атайын териштирүү ишин баштаганын ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” маалымдады.

“Окуяны милиция каттоого алды. Азыр аныктоо, териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилет”, - деп айтты Оторов.

Интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууланып, айрымдардын нааразылыгын жараткан бул видео кайсы аймакта тартылганы тууралуу маалымат азырынча жок. Бирок видеого чыккан аял азыр да түз эфирде отуруп, аны көрүп отургандар дарегин айтуусун суранып, жардам берүүгө даяр экенин билдиришүүдө.

Tik Tok жана башка социалдык тармактарда баласын уруп, терс мамиле жасаган окуялар байма-бай талкууланып келет. Арасында чечинип, бир топ туура эмес иштерге баргандары да бар.

2023-жылдын 30-августунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик Токту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Министрлик буга Тик Токто балдардын саламаттыгына, психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтар чектелбей, жаш курагынын категориясы көзөмөлдөнбөй жатканы себеп деп билдирген.

Бирок өткөн жылдын 19-декабрында Тик Ток платформасы Кыргызстанда жабылбай турганын Санарип министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирген.

Тик Ток - Кыргызстанда кеңири колдонулган социалдык тармактардын бири. Андан билим берүү, маданият, спорт, бизнес сыяктуу бардык тармакка тиешелүү контент же жөн эле көңүл ачуучу видеолорду дагы көрүүгө болот.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG