Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Милициянын өкүлү баңгизат бизнесин калкалаган деген шек менен камалды


Кылмышка шектүүлөр.
Кылмышка шектүүлөр.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) "Тажикистан - Кыргызстан - Өзбекстан" багытындагы эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлганын 20-февралда билдирди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын кызматкери жана анын шериги бул кылмышка шек саналууда.

УКМК аталган башкармалыктын кызматкери чет өлкөдөн ташып келинген баңги затын Кыргызстан аркылуу үчүнчү өлкөгө өткөрүүнү жана сатууну уюштурганы аныкталганын маалымдады.

Шектүүнүн бири 12-февралда "Баткен-Ош" жолунда атайын операцияда кармалып, тинтүү маалында жанынан дээрлик 4 кг, Ооганстанда өндүрүлгөн "чарс" деген маңзат табылган. Атайын кызмат анын баасы 1 миллион 800 миң сом экенин билдирди. Бул кылмышты калкалаган деп Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери - милициянын лейтенанты колго түшкөн. Ош шаардык сотунун 17-февралдагы чечими менен экөө тең УКМКнын тергөө абагына 5-мартка чейин камалды.

ИИМ же аталган башкармалыктан азырынча комментарий болгон жок.

“Борбор Азиядагы наркосаясат борбору” коомдук фонду Тажикстан аркылуу агылган ооган баңгизатын ташууга чөлкөмдөгү күч органдарынын кызматкерлери аралашкан учурлар бар экенин белгилеп келет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG