Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:31

Стивен Капус: Радиону "жагымсыз уюмдарга" кошкону бизди мындан да катуу иштөөгө түртөт


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стивен Капус. Прага. 21-февраль, 2024-жыл
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стивен Капус. Прага. 21-февраль, 2024-жыл

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стивен Капус орус бийлигинин корпорацияны “жагымсыз уюмдардын” катарына киргизүү чечиминен кийин билдирүү жасады:

“Бул орус бийлиги чынчыл журналистиканын ишин өзүнө жаралган коркунуч деп эсептегенинин дагы бир мисалы. Миллиондогон орусиялыктар ондогон жылдар бою бизге так маалыматтын булагы катары ишеним артып келген жана арта берүүдө. Муну Алексей Навальныйдын каза болушунан кийин бизди рекорддук сандагы киши окуп, көргөнүнөн баамдаса болот. Радиону муунтуу аракети бизди Орусиянын жашоочуларына маалымат таратуу, эркин жана чынчыл журналистиканы улантуу үчүн мындан да катуу иштөөгө түртөт”.

Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосун ишмердиги өлкөдө жагымсыз деген чет элдик жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын тизмесине кошкону 20-февралда мекеменин сайтындагы материалдан белгилүү болгон.

Буга чейин ал тизмеге 141 уюм камтылган.

ТАССтын маалыматына ылайык, Орусиянын Башкы прокуратурасы корпорациянын ишмердигин бүт өлкө боюнча жагымсыз деп табуу чечимин 2-февралда чыгарган.

“Свобода” радиосу жазгандай, реестрге орус бийлиги ишмердиги конституциялык түзүлүшкө, коопсуздукка жана коргонуу дараметине коркунуч жаратат деп эсептеген уюмдар киргизилет. Андай уюмдарга Орусияда иштөөгө тыюу салынат, орус жарандары алар менен кызматташса, кылмыш жообуна тартылат.

“Жагымсыз уюмдар” жөнүндөгү мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Кремль колдгон жобо чет жактардан каржыланган бейөкмөт уюмдарды бутага алат.

Журналисттерди коргоо эл аралык комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылдан бери орус бийлиги ондогон медиа уюмдарды ошол тизмеге киргизди. Арасында Орусиядан чыгып кетүүгө мажбур болгон, өздөрүн көз карандысыз деп атаган "Дождь", "Медуза", "Новая газета Европа", "Важные истории", The Insider, "Проект", Bellingcat иликтөө ресурсу бар.

Орус Юстиция министрлигинин “чет элдик агенттер” тизмесине “Свобода” радиосу жана бир нече орус тилдүү долбоорлор, айрым журналисттер киргизилген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Чыгыш, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук жана Түштүк Азиядагы 23 өлкөдө 27 тилде ар кыл платформаларда маалымат таратат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG