Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:54

Өзбекстанда балдардын окууга баруусун аскерлер текшеришет


Улуттук гвардиянын офицери мектептерди биринде. Өзбекстан, 14-февраль 2024-жыл (өзбек Улуттук гвардиясынын сайтынан алынган сүрөт)
Улуттук гвардиянын офицери мектептерди биринде. Өзбекстан, 14-февраль 2024-жыл (өзбек Улуттук гвардиясынын сайтынан алынган сүрөт)

Өзбекстанда Улуттук гвардиянын кызматкерлери эксперимент катары бир миң мектепте рейд өткөрүп, балдардын окууга баруусун текшеришти. “Азаттыктын” өзбек редакциясы жазгандай, президенттин тапшырмасы менен жүргөн иш-чарада окуучулар негизинен “кийим кечеге, мектеп куралдарына, жол киреге акчанын жоктугунан” жана “мугалимдердин тартыштыгынан” улам барышпайт экен.

Өзбекстандагы социалдык тармактарда Улуттук гвардиянын кызматкерлери Анжияндагы мектепте мугалимдер менен окуучуларды чогултуп алып, жаңы тартипти түшүндүрүп жаткан видео тараган.

Алар сабак алдында телефондорду мугалимдин үстөлүнө калтыруу керектигин, сабак кечиккендер болсо, окутуучу жазаланарын айтып жатышты.

Расмий маалыматка ылайык, Улуттук гвардия рейд болгон мектептерде маселелерди чечүү аракетин көрүүдө.

Бирок эксперттер көйгөйлөр өлкөдөгү 10 миңден ашуун мектептин көбүндө бар экенин белгилешет. Жана кышкысын класстарга жылуулук берилбегендиктен балдар сабактарга барбай коюшарын кошумчалашат.

Расмий маалыматта айтылгандай, аскерлерди мектеп окуучуларын тарбиялоого тартуу демилгесин президент өзү көтөргөн. Шавкат Мирзиеев 5-февралдагы жыйында 50 миңдей бала мектепке барбаганын, мектептердеги психолог-инспекторлордун штатын Ички иштер министрлигинен Улуттук гвардиянын системасына өткөрөрүн айткан.

Ал эми активисттердин пикиринде, билим берүү тармагындагы маселелерди аскердик тузүмдөрдүн жардамы менен, күч колдонуу менен чечүүдөн майнап чыгары күмөндүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG