Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Кемпир-Абад иши: абактагылар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Калгандары үй-камагында.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Калгандары үй-камагында.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар менен активисттер Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковго ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу айыпталып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев “Азаттыкка” билдирди.

“Бүгүн отурумга жактоочуларды бири жүйөөлү себеп менен келбей калгандыктан 28-февралга жылдырылды. Абактагылар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Арыз кийинки отурумда каралса керек. Жактоочулар жок ишти кароо болбой турганын айттык”, - деди жактоочу.

14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараянда айыпталуучулар соттун аракетине наарызылык билдирип, коштоп жүргөн аскерлер менен чыр чыккан. Соттолуучулар отурум айрымдардын жактоочусу жок өтүп жатканына нааразы болушкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 28 кишинин 12и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG