Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:37

Абдыкерим Сыдыков тууралуу даректүү тасма тартылды


“Абдыкерим Сыдыков мамлекеттүүлүктүн башатында” аттуу даректүү тасма Бишкекте көрөрмандарга тартууланды. Фильмдин бет ачары 21-февралда "Ала-Тоо" кинотеатрында өткөнүн "Эсимде" изилдөө аянтчасы кабарлады.

Фильмдин авторлору - Тилек Мураталиев, Айида Кубатова жана Зайнидин Курманов. Тасманы Аскар Салымбековдун фондунун каржылоосу менен "Кыргызфильм" тарткан.

Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири Абдыкерим Сыдык уулу 1889-жылы Чүйдө төрөлгөн. 1904-1911-жылдары ошол кездеги Верный, азыркы Алматы шаарында гимназияда билим алган. Андан ары Казан шаарындагы университетте ветеринария факультетине тапшырып, саламаттыгына байланыштуу аны аяктай алган эмес. 1913-1916-жылдары Нарын жана Каракол уездеринде мектеп ачып, өзү мугалим болуп иштеген. Пишпек уезддик башкармалыгында катчы жана тилмеч болуп иштеген.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө жигердүү катышкан. Сын-дооматтардан улам үч жолу партиядан чыгарылып, кайра кабыл алынган. Бир канча жыл мамлекеттик кызматтарды аркалап, Сталиндик репрессия күчөгөн жылдары камакка алынып, 1938-жылы атууга өкүм кылынган.

XS
SM
MD
LG