Саясат талдоочу Руслан Акматбек Жогорку Кеңеш экинчи окууда кабыл алган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу комментарий берди.
Ал Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери саламаттык сактоо, айыл чарба, билим берүү тармагындагы бир топ көйгөлөр жана айыл жергесиндеги айрым инфраструктуралык маселелер чет элдик уюмдардан алынган каражат, гранттар менен чечилип келгенин айтты. Саясат талдоочу мыйзам долбоору кабыл алынып иштеп баштаса бир катар долбоорлорго кедергисин тийгизе турганын кошумчалады.
“Биз бул тармактардагы маселелердин баарын эл аралык уюмдарга тапшырып койгонбуз. Кандайдыр бир жаңылануу чет элдик гранттардын жардамы менен ишке ашып келген. Ишкердикти өнүктүрүү багытында аймактарда бир гана эл аралык уюмдар иштеп, жаш ишкерлерди колдоп, жол көрсөтүп келген. Ошол эле саламаттык сактоо, билим берүү гранттардан көз каранды. Аларга донор уюмдар эбегейсиз жардам берет. Эми ошол жардам берген, балдарды окуткан, чакан ишкерликти өнүктүргөн тараптарды “шпион” деп атап атабыз. Орусияны туурайбыз деп жаманатты кылдык, кодуладык. Эми жакырчылык тереңдеп, көйгөйлөр көбөйөт. Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынып жатышы бизди башкарган президенттен тарта, депутатка чейин өлкөнүн чыныгы абалын билбегендигинен кабар берет”.
Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Парламенттин отурумунда айрым депутаттар долбоор кабыл алынса билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганын айтышты.
Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбосун” айтып келет.
Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин ал үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алынган.
“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документтин биринчи вариантын иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. Андан кийинки кайра иштелип чыккан экинчи вариантында жазалоо чаралары катаалдаштырылып, коңшу өлкөнүн мыйзамын ашып түшөрүн белгилеген.
Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.
Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат. (KS)