Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Навальный менен Немцовду эскерүү жүрүшүнө уруксат берилген жок


 Алексей Навальныйдын сүрөтү.
Алексей Навальныйдын сүрөтү.

Москванын бийлиги оппозициялык саясатчылар Алексей Навальный менен Борис Немцовду эскерүү жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берген жок.

Бул тууралуу калаа бийлигине тиешелүү өтүнүч менен кайрылган "Жарандык демилге" партиясынын башчысы Андрей Нечаев билдирип, аткаминерлер "коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү" жүйө келтиргенин белгиледи.

Партия учурда бул боюнча бийликтин жазуу түрүндөгү расмий жообун күтүп жатканын кошумчалады. "Жарандык демилге" партиясы эскерүү жүрүшүн 2-мартта өткөрүүнү пландап жаткан.

Оппозициялык саясатчы Борис Немцовду 2015-жылы 27-февралда Кремлден 100 метр алыстыкта жайгашкан көпүрөдө атып кеткен. Анын далысына жана башына алты жолу ок тийген. Тергөө саясатчыны өлтүрүү буйругун ким бергенин бүгүнкү күнгө чейин аныктай элек.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы камакта отурган оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын өлүмү тууралуу 16-февралда билдирген. Мекеменин версиясы боюнча, саясатчы өзгөчө режимдеги "Полярный волк" абагында түшкү сейилдөөдөн кийин каза болгон. Андан бир нече күн мурда Навальный 27-жолу абактын кадимки камераларына караганда шарттары кыйла оор айып изоляторуна киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG