Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Мурдагы министр Кутманова жана анын баласынын иши сотко өттү


Динара Кутманова. Архив сүрөт.
Динара Кутманова. Архив сүрөт.

Коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутмановдун иши тергелип бүтүп сотко өткөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соту ырастады.

Алгачкы отурум 14-февралда өтүп, кийинки сот 26-февралга белгиленген.

Экс-министр Динара Кутманова жана уулу Кемелбек Кутманов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен айыпталууда. Сот алардын камактагы бөгөт чарасын 5-апрелге чейин узарткан.

Өткөн жылы 25-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. Мекеменин маалыматында, Динара Кутманова министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган.

Ал министр болуп 2021-жылдын октябрында дайындалып, кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынган. Кутманова өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов 2023-жылдын 17-октябрында Түркиядан Кыргызстанга алып келинген. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Кутманов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” ишине кийлигишип, андагы долбоорду каржылоонун 10% өзүнө алып турганы далилденгени айтылат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG