Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Пашинян: Армения ЖККУга мүчө болууну убактылуу токтотту


Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян.

Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө болууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөт башчысы Никол Пашинян France 24 агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган уюм Армениянын коопсуздугуна байланыштуу маселеде, өзгөчө 2021-2022-жылдары өз милдеттенмелерин аткарган жок.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы РИА Новости агенттигине Еревандан мүчөлүктү убактылуу токтотуп коюу боюнча эч кандай арыз түшпөгөнүн билдирди.

Пашинян бир нече ай мурда “Москва армян элин бийликти төңкөрүүгө ачык чакырганын” кошумчалап, Кремлдин ага каршы “пропагандасы уланып жатканын” белгиледи.

Былтыр ноябрда Ереван Минскиде өткөн аталган уюмдун жыйынына катышуудан баш тарткан.

Буга чейин Пашинян Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжал маалында эч кандай аракет көрбөгөнү үчүн Москваны кескин сындап келген. Ал ошондой эле "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун, Армениянын ЖККУга мүчө болушу натыйжасыз экенин” айткан.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мындан кийин армян бийлигине "АКШга ишенген мамлекеттердин тагдырын эске ала жүргүлө" деп кеңеш берген.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда ондогон жылдарга созулган жаңжалдын себеби болгон жикчил Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги 20-сентябрда Бакунун шарттарына баш ийип, багынып берген. Ал жактагы 120 миңдей этностук армяндын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Армян бийлиги бул үчүн Бакуну "этностук тазалоого" айыптаган. Азербайжан бул дооматты четке кагып, этностук армяндарды азери коомуна "реинтеграциялоо" аракетин көрүп жатканын билдирген.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Армения жана Тажикстан мүчө. Ал 1992-жылы түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG