Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:16

Украина: Константиновкадагы соккуда темир жол бекети талкаланды


Донецк облусунун Константиновка шаарындагы талкаланган темир жол станциясынын имаратынын сүрөтү. Reuters агенттиги.
Донецк облусунун Константиновка шаарындагы талкаланган темир жол станциясынын имаратынын сүрөтү. Reuters агенттиги.

25-февралга караган түнү орус аскерлери Константиновка шаарын аткылап, темир жол вокзалынын имараты, православ чиркөөсү, бир нече турак жай, административдик жана соода имараттары зыянга учурады. Бир адам жабыркаган. Бул тууралуу "Свобода" радиосу Украинанын Донецк облусунун полициясына шилтеме берип жазды. Анда ракеталык сокку урулган же абадан бомба ташталган деп болжолдонууда.

Социалдык тармактарда талкаланган станциянын фото - видеолору тарады.

Константиновка - Донецк облусунун украиндер көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү шаар.

Украинанын Аскердик Аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, орус аскерлери соңку суткада Украинанын аймагына 18 "Шахед" учкучсуз учагы менен сокку уруп, анын 16сы атып түшүрүлгөн.

Хмельницкий облусунда жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, инфратүзүмдүк объект жабыркаган.

Украин бийлиги бир сутка ичинде артиллериялык аткылоонун натыйжасында эки жай тургун набыт болгонун кабарлады. Алар Херсон жана Запорожье облустарынын тургундары. Орусиянын Коргоо министрлиги бул жана Константиновкадагы соккулар боюнча комментарий бере элек.

Москва Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24- февралда туура эки жыл болду. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет. (AiA)

XS
SM
MD
LG