Лондондун мэри Садик Хан орусиялык олигархтардын жана коррупционерлердин кыймылсыз мүлкүн конфискациялоону сунуш кылды. Мэр аларды сатып, ордуна жакырлар үчүн, анын ичинде украин качкындары үчүн турак жай курууну туура көрөт. Бул тууралуу LBC радиосу кабарлады.
Редакция мэр Садик Хандын Улуу Британиянын турак жай курулуш министри Майкл Гоувга жолдогон катын цитата келтирген. Хан катында орусиялык коррупционерлердин Лондондогу кыймылсыз мүлкүн 2022-жылы Transparency International эл аралык уюму 1,1 миллиард фунт (1,4 млрд доллар) деп баалаганын белгилеген. Мэр бул акчага кедейлер үчүн төрт миңден ашуун үй курууга болорун эсепетеген.
"Андан түшкөн кирешени муктаждардын кызыкчылыгына колдонуу үчүн, министрлер тез арада Путиндин жакындары тарабынан сатылып алынган кыймылсыз мүлктү камакка алуу чараларын көрүшү керек", — деп жазылган катта. Хандын кайрылуусу Орусия Украинага кол салганына эки жыл болгондун эртеси жолдонду.
Садик Хан британ өкмөтүн украин качкындарына жардам программасын жандантууга чакырды. Ал программага ылайык, украин качкындары Лондондо иштеп, окуу менен ал жакта жашаган туугандарынын үйлөрүнө каттоого тура алышат. Аталган программа февралдын башында токтотулган.
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бул аралыкта согуштан 10 миңден ашуун адам каза таап, 5 миллиондон ашык киши качкын болуп жүрүшөт.