Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Акылбек Жапаров: Лондондо Кызыл-Омпол, Жетим-Тоо боюнча презентация кылдык


Акылбек Жапаров “МАЙНЕКС – Евразия 2023” тоо-кен инвестициялык форумунда. 2023-жылдын ноябрь айы.
Акылбек Жапаров “МАЙНЕКС – Евразия 2023” тоо-кен инвестициялык форумунда. 2023-жылдын ноябрь айы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британияга болгон жумуш сапарында Кызыл-Омпол, Жетим-Тоо жана башка кендер боюнча компанияларга презентация кылганын билдирди.

Ал 26-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында эми 28-майда Женевада “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору боюнча маалымат берилерин айтты.

“Камбар-Ата-1” долбооруна буюрса 500 млн доллар таптык. Курулуп бүткүчө дагы 500 млн долларын бюджеттен берели деп атабыз. Быйыл күзгө чейин көпүрө, жумушчулар жашай турган шаарчаны куруп бүтүрөбүз. ГЭСти толук аягына чыгарыш үчүн 4,5 млрд доллардын тегерегинде каражат керек. Буюрса Женевадан ушул акчаны таап келип, “Камбар-Ата-1” ГЭСин курсак биз энергетикадагы таңкыстыкты жоёбуз”, - деди ал.

Акылбек Жапаров 2023-жылы ноябрь айында Лондонго болгон жумуш сапарында “МАЙНЕКС – Евразия 2023” тоо-кен инвестициялык 11-эл аралык конференциясына катышкан. Өкмөт башчы баяндама жасап, Кыргызстанда ар кандай 15 миңден ашуун кен табылганын, анын ичинен 500гө жакын кен геологиялык чалгындоо иштеринен өткөнүн айткан. Андан тышкары бир катар компаниялардын жетекчилери менен жолуккан.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG