Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

ЖЭБдеги жарылуудан жабыркагандар айыга баштаганы айтылды


Акылбек Жапаров ЖЭБ жана тик учак кырсыгынан жабыркагандардан кабар алып жаткан учуру. Адана шаары, Түркия.
Акылбек Жапаров ЖЭБ жана тик учак кырсыгынан жабыркагандардан кабар алып жаткан учуру. Адана шаары, Түркия.

2-февралда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылууда жараат алып, Түркияда дарыланып жаткан эки адамдын абалы турукташып, айыгуу стадиясына түштү. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которуу пландалууда. Бул тууралуу бейтаптарды дарылап жаткан түркиялык дарыгерлерге шилтеме кылып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.

17-январда аскердик тик учак кыйраганда жабыркаган эки кыргызстандык жаран пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмдө дарыланып жатканы кабарланды.

"Кыргызстандын Түркиянын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта. Бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Бул маселе ТИМдин жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө", - деп жазылган маалыматта.

17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учагы кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы капитан Жайыл Самудинов каза тапкан. Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Эки кишини дарылоону Түркияда улантуу чечими кабыл алынган.

2-февралда таңкы саат үч чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн.

Тик учак кырсыгында жана ЖЭБдеги аварияда жабыркаган кыргызстандык төрт бейтап 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркиянын Адана шаарына жеткирилген.

Адана ооруканасында дарыланып жаткан кыргызстандыктардын абалы менен Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров Түркияга расмий сапары учурунда таанышып, алардын Кыргызстандагы үй-бүлөлөрүнө көмөктөшүүнү убада кылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG