Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Улуу Британияда Болгариянын дагы бир жараны Орусияга тыңчылык үчүн кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуу Британияда Болгариянын дагы бир жараны Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган топтун мүчөсү деген шек менен кармалганын британ прокуратурасы билдирди. Буга чейин Болгариянын беш жаранына Улуу Британиянын аймагында иштеген орусиялык тыңчылар тобунун мүчөсү деген айып тагылган.

38 жаштагы Тихомир Иванов Иванчевди Лондон полициясынын террорчулукка каршы бөлүмү 7-февралда кармаганы, анын маселеси Вестминстер магистрат сотунда бүгүн 28-февралда каралары маалымдалды.

Ал эми иштин өзү боюнча сот жараяны Лондондун Борбордук кылмыш сотунда октябрь айында карала баштайт. Кармалган жарандар 2020-жылдын августунан тартып 2023-жылдын февралына чейинки аралыкта маалымат жана документ чогултуп, Москвага берип турган, алар Улуу Британиянын коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына залака тийгизиши ыктымал болчу деп айыпталууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG