Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Юлия Навальная Евробиримдикти Путиндин каржы булактарын иликтөөгө чакырды


Юлия Навальная. 2024-жылдын 28-февралы.
Юлия Навальная. 2024-жылдын 28-февралы.

Орусияда абакта белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная бүгүн 28-февралда Франциянын Страсбург шаарында Европа парламентинин депутаттарынын алдында сөз сүйлөп, орус президенти Владимир Путинди «уюшкан кылмыштуу топтун» лидери деп атады жана өлкө жетекчилигине карата иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Навальная Батыштагы каржылык агымдарды иликтесе түз Путинге чыкса болорун айтты.

Ал орус президентин «саясатчы эмес, канкор кылмышкер» деп атап, Путин жетектеген «уюшма кылмыштуу топтун» курамында адамдарды ууландырган жана өлтүргөн кишилер бар экенин белгиледи:

«Эң негизгилери — Путинге жакын адамдар, анын достору, үзөңгүлөштөрү жана мафиянын акчасын кармагандар».

«Сиздер да, биз баарыбыз да кылмыштуу топко каршы күрөшүшүбүз зарыл. Мында саясий новациянын максаты саясий атаандаштыктын эмес, уюшма кылмыштуулукка каршы күрөштүн ыкмаларын колдонуу болушу керек. Камтамалык тууралуу билдирүүлөр эмес, мафиянын сиздердин өлкөлөрдөгү өкүлдөрүн, Путинге жана анын досторуна акчаны катууга жардам берип жүргөн жашыруун юристтер менен финансисттерди издөө зарыл", - деди Навальная.

Навальная Путин күйөөсүнүн өлүмү үчүн да, Украинага согуш ачканы үчүн да жооп бериши зарыл экенин айтты:

"Эки жыл мурда Путин Украинага каршы ырайымсыз, кара санатай согуш ачты. Бүт дүйнө Украинага жардамга шашылды. Эки жылдан бери чарчоо пайда болду, көп кан төгүлдү. Путин алдыга жыла алган жок, бирок согуш санкцияларга карабастан, аны токтотуу үчүн бөлүнүп жаткан каражатка карабастан уланууда. Путин менен келишим түзүү зарылдыгы тууралуу сөздөр айтылууда. Путиндин буйругу боюнча Алексейди үч жыл кыйнашты. Аны өлтүрүп, ошондон кийин да сөөгүн бербей кыйнашты. Путин баарына барышы мүмкүн экенин, аны менен сүйлөшүү жүргүзүп, келишүү болбой турганын көрүп жатабыз".

Бүгүн Европарламентте Навальныйдын өлүмү боюнча резолюциянын долбоору каралууда. Анда саясатчынын өлүмү адам өлтүрүү деп бааланары, тийиштүү кызматкерлерди жоопко тартуу, Орусиядагы жарандык коомго жана Украинага колдоо көрсөтүүнү күчөтүү зарылдыгы жазылары кабарланды.

Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген. Маркумдун зыйнаты 1-мартта өтөрү кабарланды.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG