Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Тажикстандын айрым аймактарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбү бүгүн 1-мартта бир нече саат электр жарыгысыз калганын, кээ бир райондордо жылуулук жана таза суу жок болгонун, мобилдик байланыш жана интернет үзгүлтүккө учураганын "Азия-Плюс" басылмасы билдирди.

Ошол эле учурда өлкөнүн башка аймактарында да электр энергиясы үзгүлтүккө учураганы, буга жарыкты атайылап маал-маалы менен өчүрүү себеп экени же Нурек ГЭСинде авария жаралган болушу ыктымалдыгы да маалымдалды.

Дүйшөмбүнүн электр түйүнүндө авария болгонун, натыйжада шаар саат 11ден 14кө чейин электр жарыгысыз калганын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргоо комитети кабарлаганын «РИА Новости» агенттиги жазды. Маалыматта айтылгандай, аба ырайы сууктай түшкөндүктөн электрди керектөө көбөйүп, суу сактагычтагы суунун деңгээли төмөндөгөн шартта энергияны Нурек ГЭСинен алуучу подстанцияга күч келип, жарык убактылуу өчкөн.

Соңку жылдары Тажикстанда электр энергиясын пайдаланууда айрым чектөө чаралары көрүлүп келет.

Борбор калаа Дүйшөмбүдөгү үйлөрдүн көбү электр менен жылытылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG